ЕАЭБ: Кыргызстан айлык-акынын өсүшү боюнча алдыга чыкты

Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык номиналдык эмгек акы өстү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Номиналдуу жана реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Казакстанда (тиешелүүлүгүнө жараша 124,1% жана 110,9%) жана Кыргызстанда (123,9% жана 109,8%) катталды.

Ошол эле учурда эң аз орточо айлык номиналдык эмгек акы Кыргызстанда катталып, 23,9 миң сомду же 279 долларды, эң жогорку Россияда 61,9 миң рубль же 828 долларды түздү.

Ал эми Россияда менен Белоруссияда январь-июнь айларында реалдуу эмгек акынын 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 1,3% жана 0,3%га азайганы байкалды.

Related posts

Мамыралиев Антимонополиянын төрагасы болуп дайындалды

admin

УКМК төрагасы КМШ мамлекеттердин коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтарынын жетекчилер кеңешине катышты

admin

19-январда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий