«Эл-журтка уят болуудан алыс болуңуздар». ИИМдин башчысы жаңы жетекчилерге кайрылды 

Бүгүн, 28-декабрда ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган  жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды. Бул тууралуу аталган министрликтен маалымдашты.

“Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Сиздерди дайындоонун алдында ар бириңиздер менен жекече сүйлөшүп, жарандардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, өздүк курам арасындагы мыйзамдуулукту сактоо жана зарыл чараларды уюштуруп, жүргүзүүнү табыштадым”, — деди Улан Ниязбеков.

Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды. Алар:

• Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковнигиКанат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;

• Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитовдайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;

• Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген;

• Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоровдайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.

“Бүгүнтөн баштап өз ишиңиздерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп баштаңыздар. Эл-журтка уят болуудан алыс болуп, ар бириңиздер өз милдетиңиздерди мыйзам чегинде аткарып, коомчулуктун ишенген тиреги болууга жетишиңиздер”, — деди сөзүн жыйынтыктап жатып ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.

Related posts

Орозайым Нарматова: «Кемпир-Абад иши боюнча акыйкат чечимди күтөбүз»

admin

Орусияда кыргызстандык жол кырсыкта каза болгон. ТИМ маалымат берди

admin

Екатеринбургда мигранттарды шылдыңдоо окуясы текшерилет

admin

Комментарий