Элчи Аида Исмаилова: «Түштүк Кореяда мыйзамсыз жүргөн 714 Кыргыз жараны бар»

Тармактык комитетте Кыргызстандын Кореядагы, Азербайжан жана Грузиядагы элчиликтеринин 2022-жылдагы жана 2023-жылдын 6 айынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулду. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты.

Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Кыргызстандын Кореядагы элчилигинин ишмердүүлүгү тууралуу элчи Аида Исмаилова маалымат берди.

Депутат Миргүл Темирбаева кыргыз-корей мамилелеринин артыкчылыктуу багыттары жана соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүү маселесине токтолду. Элчи Аида Исмаилова Кыргызстан жакынкы 5 жылда ӨРЖ (Өнүгүү үчүн расмий жардам) аркылуу жардам ала турган артыкчылыктуу өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине киргендигин баса белгиледи. Мыйзамсыз мигранттардын саны боюнча депутаттын суроосуна Аида Исмаилова Түштүк Кореяда 714 мыйзамсыз мигрант бар экенин айтты.

Related posts

Кыргызстанда 19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

admin

5-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматы кызыл сызыкка чыгып кеткен 200дөн ашык объектти бузду

admin

Комментарий