Энергетика министринин пресс-катчысы жалган маалымат тараткан Эмилбек Каптагаевди Жыргалаңга чакырды 

12 жылдан бери токтоп турган Жыргалаң көмүр кени кайра жанданып, ишке киргени тууралуу маалымат тараган. Андай маалыматты Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Эмилбек Каптагаев жана журналист Турат Аким “жалган айтып жатышат, бул афера”-деп сынга алышкан. 

Энергетика министринин пресс-катчысы Айзада Сулайманова Эмилбек Каптагаев менен Турат Акимди “үйүңөрдө отуруп алып калп жаза бербей, биз менен чогуу барып көрүп келип анан жазгыла”-деп Жыргалаңга чакырды.

“Мамлекетте бир жакшы жумуш башталса эле – ага мурдун тыгып, жамандык издеп, ичи тардык кылгандар дароо пайда болот. 12 жылдан бери иштебей токтоп турган Жыргалаң көмүр кени, учурда Каракол шаарын, Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу райондорун жана Ананьево айылын көмүр менен камсыздоо үчүн иштеп жатат.

Бул маалымат жарыялангандан кийин Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Ысык-Көл облусунун мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаев жана өмүрүндө жакшы нерсени жазып көрбөгөн Турат Аким деген журналист сын айтып жатат.

“Булар элди алдап жатат, кана иштегени, иштебей эле турат”-дешип. Экөө тең басып барып көргөн эмес, үйүндө жонун тырмап жатып алып фейсбугуна пост жазып. Каптагаевди дагы, Турат Акимди дагы жеринен көрүп, таанышып, мына ошондон кийин анан пикир айтууга чакырабыз. Жашоодо бир жаратмандык кылып көрбөгөн, мамлекет үчүн бир кирпич койбогондор сын айтса жаның кейийт экен”-дейт Айзада Сулайманова.

Источник:Кадам

Related posts

29-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

«Кыргызиндустрия» ишканасы менен кореялык «BK MEDICARE» компаниясы кызматташат

admin

Июль айындагы аба ырайынын болжолу

admin

Комментарий