Энергетика министрлиги: Көмүр биринчи иретте элге эмес, ЖЭБке берилет 

Энергетика министрлиги «Кыргыз көмүр» ишканасынын филиалдарынан көмүрдү биринчи иретте калкка эмес, ТЭЦке жеткирүү боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу энергетика министринин орун басары Мирлан Жакыпов брифингде билдирди.

Анын айтымына караганда, Бишкек ТЭЦине 100 миң тонна көмүр пландалган мөөнөтүнөн кечигип жеткирилүүдө. Анын жыйынтыгында жагылганга салыштырмалуу ташып келингени аз болуп жатат. Анткен менен запас бар. Бүгүндөн тарта планды аткаруу үчүн Кара-Кече ишканасынан көмүр калкка эмес, ТЭЦке жөнөтүлүшү керектиги айтылган министрдин тапшырмасы менен атайын буйрук чыкты», — деп айтып берди министрдин орун басары.

Аткаминер беш күн мурда көмүр жүктөлгөн бир топ ири автоунаалар эл үшүбөшү Чүй облусуна жөнөтүлгөнүн билдирди. Алардын бир бөлүгү көмүрүн сата элек болгондуктан, азыркыга чейин айланма жолдо турушат.

Эске салсак, көмүр чыккан Кара-Кече кенинде Энергетика министрлигине караштуу «Кыргыз көмүр» ишканасынын Жумгал районунда жайгашкан «Кара-Кече» филиалы бар.

Related posts

Шылуундар эми Бишкек мэриясынын атынан чалып жатышат

admin

Улуттук коопсуздук органынын ардагери, запастагы полковник Касымов Куванчбек дүйнөдөн кайтты

admin

Ысык-Көлдөгү «Фонтан» эс алуу борборун тартып алган шектүү кармалды

admin

Комментарий