Эрназар Акматалиев Түркияда өтүп жаткан эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешинин жеңүүчүсү болду.
Yasar Dogu, Vehbe Emre & Hamit Kaplan турнири ушул күндөрү Анталияда өтүп жатат. Спортчу кечээ, 10-мартта 70 килограмм салмак ченинде күч сынашты. Кыргызстандык үч жолу катары менен жеңишке жетип, финалга чыкты. Чечүүчү беттеште Акматалиев Монголиянын спортчусун жеңип, алтын медаль тагынды.