Эртең Бишкектин Ахунбаев жана Байтик баатыр көчөлөрүнүн дагы бир бөлүгү жабылат

Бишкек шаарында Байтик баатыр жана И.Ахунбаев көчөлөрүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Эртең, 13-июндан тарта Байтик баатыр көчөсүнүн О.Медеров жана М.Горький көчөлөрү менен чектелген бөлүгү жабылат. Ал эми И.Ахунбаев көчөсүнүн А.Малдыбаев жана К.Тыныстанов менен чектелген бөлүгүндө 15-июндан тарта унаа кыймылы үчүн чектөө коюлуп, жол оңдоо башталат.

Учурда Байтик баатыр көчөсүнүн А.Токомбаевден А.Сүйөркулов көчөсүнө чейинки аралыгына асфальттын экинчи катмары басылууда. А.Сүйөркулов жана О.Медеров көчөсү менен чектелген аралыкта асфальт басууга даярдык жумуштары жасалууда. Ал эми И.Ахунбаев көчөсүнүн Ч.Айтматовдон А.Токтоналиев көчөсүнө чейинки аралыгына эки катмар асфальт төшөлүп, жол чийиндери тартылып бүттү. А. Токтоналиевден А.Малдыбаев көчөсүнө чейинки аралыкта асфальттын экинчи катмары басылууда.

Аталган эки көчөдө жолду капиталдык оңдоонун биринчи этабы 15-июнга чейин аяктайт.

Related posts

Сак болуңуз! Тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Ысык-Ата районундагы жалпы аянты 226 гектар болгон жер тилкелери мамлекетке кайтарылды

admin

Бишкекте быйыл кытай грантынын эсебинен 70 чакырым жол салынды

admin

Комментарий