Эскертүү! Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шамалга байланыштуу шашылышы билдирүү таратты.

Ага ылайык, жакынкы аралыкта Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал күтүлөт. Чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

ӨКМ катуу шамал учурунда коопсуз жайларда болууну эскертет. Кандайдыр бир кырдаалга туш болосоңуз «112» кызматына токтоосуз билдириңиз.

Чалуу акысыз жана күнү-түнү кабыл алынат.

Related posts

6-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Былтыр бир катар аткаминерлер чет элдик сапарларга максатсыз чыкканы айтылды

admin

Араван районундагы мектептин мурдагы директору кармалды

admin

Комментарий