«Евразиялык университетинде» коррупция аныкталып, окутуучуларына кылмыш  козголду

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, УКМК жогорку билим берүү системасындагы коррупцияга каршы күрөшүүнүн алкагында “Евразиялык университетинин”  коммерциялык эмес билим берүү мекемесинин ишмердүүлүгүнө комиссиялык текшерүүнү уюштурду.

Тергөөнүн жыйынтыгында, расмий документтерди жасалмалоо фактысы боюнча “Евразиялык университетинин”  коммерциялык эмес билим берүү мекемесинин окутуучуларына кылмыш иши козголду.

Аталган окутуучулар айрым студенттер лекцияларга, модулдарга жана зачеттук-экзамендик сессияларга такай барбай тургандыгын билип туруп, билим берүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги принциптерин жана башка ченемдик-укуктук актыларды одоно бузуп, өздөрүнүн ыйгарым укуктарынан кыянаттык менен пайдаланып,  “Евразиялык университетинин”  коммерциялык эмес билим берүү мекемесинин айрым студенттерине зачеттук-экзамендик ведомостторго упайларды (бааларды) мыйзамсыз киргизишкен.

Кылмыш ишинин алкагында аталган мыйзамсыз ишке 19 окутуучунун катыштыгы бар экени аныкталып, алардын үчөө К.А.М., К.Н.А. жана Э.у.У. кармалып, КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Мындан тышкары, текшерүү аркылуу 287 жогорку билим тууралуу дипломдун мыйзамсыз берилгендиги аныкталып, алар КР мыйзамдарына ылайык жокко чыгарылат.

КР УКМК коррупцияга аралашкан жарандар макамына жана социалдык абалына карабастан, КРнын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартыларын эскертет.

Related posts

Жаан-чачын күтүлбөйт. 17-мартта өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Бишкекте саммит өткөн күнү самокат тебүү чектелет

admin

9-10-сентябрда тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн

admin

Комментарий