Европа өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

Үстүбүздөгү жылдын январь-август айларында Кыргызстан 825 миң тонна күрөң жана таш көмүр сатты. Бул туурасында Статистика боюнча улуттук комитет  маалымдады.

Таш көмүрү тууралуу

Отчеттук мезгилде 394,3 миң тонна таш көмүр 14 миллион долларга сатылган.

Импорттогон өлкөлөр:

Өзбекстан — 313,1 миң тонна;

Румыния — 38,6 миң;

Польша —17,1 миң;

Кытай — 9,5 миң;

Түркия — 9 миң;

Грузия — 5,2 миң;

Латвия — 1,8 миң;

Чехия — 20 миң.

Өткөн жылдын сегиз айына салыштырмалуу быйыл 80 миң тоннага көп экспорттолгон. Статком алуучу өлкөлөр тууралуу 2018-жылдан берки маалыматтарды чыгарып келет. Ага ылайык, буга чейин Румыния, Польша, Кытай, Түркия, Грузия жана Латвия Кыргызстандын таш көмүрүн алчу эмес. Кытай күрөң көмүр гана импорттоп турган.

Related posts

Жеке ишкер Исманали Жороев Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарында кайрымдуулук иш-чараларын өткөрдү

admin

16-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Өлкөдө өз билемдик менен иш жүргүзүп келген 28 мал союучу жай жабылды

admin

Комментарий

WWW.NET.KG WWW.NET.KG