«Эжемдин денесине 6-7 жолу бычак сайылып өлтүрүлгөн» деген жаран бийликке кайрылды

Атыргүл Бакапованын сиңдиси Нургүл Бакапова кайрылып, эжеси мындан 2,5 жыл мурда Дордой-2 конушунда бычакталып өлтүрүлгөнүн, шектүү катары анын жолдошу кармалганын, ошондон бери сот иштери жүрүп, бирок чечим чыкпай жатканын айтып кайрылды.

«Менин эжем 1982-жылы туулган. Эжемдин артында 3 баласы, тагыраагы эки кызы жана бир уулу калды. Жолдошу экөө 24 жыл бирге жашаган. Эжем тиричилигине аябай чуркап жүргөн, күйөөсү иччү. «Эмне иш кылам?» дегенинен эжем апамдарга кредит алдырып, унаа да алып берген. Үй салганга кредит да алдырган.

2022-жылы киши колдуу болду. Кылмышка жолдошу шектелип кармалган. Жансыз денеде 6-7 жолу сайылган бычактын издери бар, колу да кесилген болчу. Эжемдер ошол күнү кайненесинин үйүндө болуп, кайненесинин жанында жаткан экен. Тергөөнүн жүрүшүндө Кызыл-Жардагы психиатриялык ооруканадан көзөмөлдөн өткөн. Экспертиза 4 жолу жасалып, экөөсү таза, экөөсү оорулуу деп чыкты. Ушул жол менен жазадан кутулуп кетүүнү пландашууда деп ойлоп жатам. Мурда оорубаган соо адамды, жинди кылып, жоопкерчиликтен качууга аракет кылууда. Менин акыркы үмүтүм жана ишенимим сотто эле калды. Чымчык өлтүрүлгөндөй кылышууда. Эми иш 23-октябрда аппелляциялык арыздын негизинде Бишкек шаардык сотто каралат. Мен сотторго кайрылат элем, акыйкат чечим чыгарып беришсин. Ошондой эле президент Садыр Жапаров менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ишти көзөмөлүнө алып койсо, жакшы болот эле», — деди ал.

Related posts

Жаан жаайт. 31-мартта күтүлгөн аба ырайы

admin

Жалал-Абадда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды 

admin

КР УКМК: Жалпы аянты 1,1227 га болгон минералдык булагы жана чектеш аймагы бар «Ысык-Суу» дарылоо-ден соолукту чыңдоо пункту мамлекеттин балансына кайтарылды

admin

Комментарий