Фетхуллах Гүлендин сөөгү каякта жерге берилет?

Түркияда жарыяланган ФЕТО террордук уюмунун лидери Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери жашап жаткан АКШда каза болгон. 83 жаштагы Гүлендин өлүмү тууралуу маалыматты анын жээни Эбуссеме Гүлен тастыктаган. Анын 20-октябрда Пенсильвания штатындагы клиникалардын биринде каза болгону айтылган.

Түркиянын парламент отурумунда Улуттук кыймыл партиясынын төрагасы Девлет Бахчели Фетхуллах Гүлендин сөөгү Түркияда жерге берилбей турганын айткан. Маалымат каражаттары анын сөөгү Пенсильвания штатында жерге берилерин жазышты.

Түрк бийлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында Гүлен жана анын тарапташтары турган. Гүлендин тарапташтары бул дооматты четке кагып келет. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү Гүлен мектептери жабылган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде мектептерди жабуу өтүнүчүн ачык четке каккан.

Related posts

Ташкентте катуу жарылуу болуп, өрт чыкты. Жабыркагандар бар

admin

Аскар Акаевдин кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу токтотулган

admin

Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду

admin

Комментарий