Финансы министри: тышкы карызды алдын ала төлөй алабыз, бирок зыянга учурайбыз

 2025-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 78,6 миллиард сом жумшалат. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаевдин «Ала-Тоо 24» каналына берген маегинде айтылган.

Маалыматка ылайык, 2024-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн жалпы карызы 6,5 миллиард доллар болсо, анын ичинен 4,5 миллиард доллар сырткы, калганы ички карыз.

«Үч жылдан бери бюджет профицит менен жабылууда. Алдын ала карызды төлөөгө бардык мүмкүнчүлүк бар. Бирок Кытай банкынын келишиминде талапты бузуп эртерээк төлөсөк, анда суммага 1 пайыз кошуп, айыбы менен төлөшүбүз керек. ЕАӨБдүн дагы ушундай талабы бар», — деген Бакетаев.

Бийлик мамлекеттик карызды төмөнкүдөй динамикада төлөөнү пландаган:

2024-жыл — 59,9 миллиард сом;

2025-жыл — 78,6 миллиард сом;

2026-жыл — 91,9 миллиард сом;

2027-жыл — 110 миллиард сом.

Ошондой эле маалыматта 2035-жылга чейин негизги тышкы карыз график менен төлөнүп бүтөрү кошумчаланды.

Related posts

Үзүр Жусупбеков Польшада өтүп жаткан рейтингдик турниринде коло байгеге ээ болду

mediaportalk

Арстанбаптагы селдин себептери аныкталып, кылмыш иши козголду

mediaportalk

Бишкекте «Ирак жана Левант Ислам мамлекети» эл аралык террористтик уюмунун жактоочусун кармады

mediaportalk

Комментарий