«Футбол бизге жарашпайт, көк бөрү эле ойнойлу» дегендерге президенттин жообу

Өлкө башчысы Садыр Жапаров «Кабарга» спортто машыктыруучунун ролу канчалык экенин айтты.

— Машыктыруучудан көп нерсе көз каранды. Машыктыруучу ар бир көнүгүүнү кылдат жасатпаса, спортчунун жүрөгүнө жүк келтирип, ден соолугун бузуп алышы мүмкүн. Ошондуктан өз ишин жакшы билген машыктыруучу болуш керек. Ар бир футболчу оюн талаасында кайсы позицияда ойносо пайда алып келерин так көрө билиши зарыл. Ошол үчүн, азырынча, биз сырттан машыктыруучу алып келгенге мажбурбуз. Кудай буюрса, “Барселона” клубунун филиалы ачылып жатпайбы. Клуб өз жемишин 10-15 жылда бере баштайт. Бул клубду бүтүп чыккан балдарыбыз дүйнөлүк деңгээлде ойной башташат. Кийин бара-бара машыктыруучулук деңгээлге жетишет. Ошондо анан өзүбүздөн машыктыруучулар чыгат.

— Айрым жарандарыбыз “футбол бизге жарашпайт, көк бөрү эле ойнойлу, командалык оюнга жок экенбиз” дегендей ызаланган пикирлерин билдирип чыгышты. Сиздин пикириңиз кандай, келечекте футбол боюнча улуттук курама командабыз эл аралык деңгээлде өздөрүн көрсөтө алабы?

— “Үмүтсүз – шайтан” дейт. Үмүт үзбөшүбүз керек. Көк бөрү деле командалык оюн да. Келечекте футбол боюнча Кыргызстан бүгүнкү күндө күрөштө кандай жыйынтык көрсөтүп жаткан болсо, дал ошондой жыйынтык көрсөткөн деңгээлге жетет деп ишенели. Сабыр кылып тургула.

Related posts

Жарасул Абдураимов Министрлер Кабинетинин жана Президенттин аймактардагы өкүлдөрүн «Кыргызиндустрия» ААКнын ишмердүүлүгү менен тааныштырды

admin

Бишкекте Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

admin

УКМК жасалма виза даярдоо каналын токтотту

admin

Комментарий