Гүлбү Ороскул кызы көзү тирүү болгондо бүгүн 47 жашка чыкмак

1-ноябрда маркум ырчы Гүлбү Ороскул кызы туулган. Анын кызы Айзуура Иманалиева социалдык тармактагы баракчасына апасы тирүү болгондо 47 гана жашка чыкмак экенин жазды.

«Бүгүн көзү тирүү болгондо болгону 47 жашка чыкмак», — деп жазып, видео менен бөлүштү.

Гүлбү Ороскул кызы 1976-жылы 1-ноябрда Аксы районунун Авлетим айылында туулган. 8-классынан баштап Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайдан, кийинчерээк Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтунан билим алган. Ырчы айым угармандарга «Ортомчу бизге Ысык-Көл», «Балама», «Арзуу», «Мажүрүм тал», «Менин өмүр жазым», «Агылам сага» жана башка ырларды ийине жеткире аткарганы менен таанымал болгон. Гүлбү Ороскул кызы 2017-жылдын 6-октябрында 40 жашында көз жумган.

Related posts

УКМК: Жалал-Абад облусунда айылдык кеңештин депутаттары кармалды 

admin

28-июнга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Ленин району боюнча өткөн шайлоонун жыйынтыгына айрым талапкерлер нааразы болушту

admin

Комментарий