Галстуксуз жолугушуу. Садыр Жапаров ТМУ мамлекеттеринин лидерлери менен биргеликте сый тамакка катышты

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-ноябрда “Түбөлүк шаар” комплексинде Түрк мамлекеттеринин уюмунун (ТМУ) катышуучу мамлекеттеринин башчыларынын Саммитинин тогузунчу жыйынына катышуу үчүн Самарканд шаарына (Өзбекстан Республикасы) келген мамлекет башчылары менен бирге сый тамакка катышты.

Жогорку даражалуу меймандар үчүн Өзбекстандын президентинин атынан расмий кече жасалды.

Түрк элдеринин маданий ар түрдүүлүгүнө арналган концерт болду.

Программада түрк географиясынын салттуу маданияты менен музыкасын чагылдырган номерлер камтылды.

Related posts

28-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы 

admin

Сузакта 18 жаштагы кыз өз атасы тарабынан зордукталып жүргөнүн айтып чыкты

admin

УКМК: Эл аралык баңги тобунун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду 

admin

Комментарий