Генерал-полковник К.Ташиев Нарын шаарындагы «Мундуз Ата» эркин күрөш залынын ачылуу аземине катышты.

Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы Алма-Бак сейил багынын ичине курулган «Сүйүнбек Бекманбетов» атындагы адистештирилген балдар өспүрүмдөр олимпиадалык резерв мектебинин алдындагы «Мундуз Ата» эркин күрөш залынын ачылуу аземине катышты.
Аталган спорт комплекс эки кабаттуу болуп, биринчи кабатында күрөшүү залы, чечинүүчү-жуунучу жай, медициналык бөлмө жана машыгуучу зал жайгашкан. Ал эми экинчи кабатында машыктыруучулар үчүн бөлмөлөр бар.
Буга чейин аталган шаарда мындай заман талабына жооп берген машыгуу залы болгон эмес. Учурда 200дөн ашуун улан, кыздар машыгууда. Мындан улам, жергиликтүүлөр түзүлгөн шарттар үчүн өлкө жетекчилигине ыраазычылыктарын билдиришти.
Белгилей кетсек, имараттын курулушуна 2024-жылдын 4-ноябрында УКМК Төрагасы К.Ташиев капсула салган.

Related posts

УКМК: Башкы дарыгер 300 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалды

admin

КР УКМК: Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары –УКМК төрагасы, генерал-полковник К.Ташиев Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасынын кызматкерлери менен кеңешме өткөрдү

admin

«Уктап жата турган учур эмес». Президент мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн ачыктыкка чакырды

admin

Комментарий