Германияда билим алуу үчүн немис тилин билүү жетиштүү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев билдирди.
Анын айтымында, Германияга барсак деген жаштар көп.
“Бул өлкөгө баруу үчүн немис тилин билүү жетиштүү. Менден көп адамдар квота алып бер деп суранат. Бирок, аталган өлкөдө андай түшүнүк жок. Себеби, окуулар акысыз. Баарыбыз көчүп барып, окусак дагы бекер болот. Тескерисинче, 1200 доллардан стипендия берет. Бир гана шарт – немис тилин билүү керек.
Ал эми тил билүү үчүн мектепте тил сабагы өтүлүшү керек. Былтыр кабыл алынган программа боюнча аталган тил мектеп программасынан биротоло чыгарылды.
Мамлекеттин эсебинен бекер окутулбай калды. Германияга барабыз деген жаштар көп. Бул милдет ата-энелердин мойнуна түшүп жатат. Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан тилди мамлекеттик деңгээлде окутуп жатат”,-деди элчи.