ГКНБ КР: Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн экстремисттик топтун башчысы кармалды

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө жана техникалык иш-чаранын алкагында, Ош шаарынын аймагында, 2022-жылдын 11-ноябрь күнү Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн, Фергана өрөөнүндөгү жашыруун экстремисттик топтун башчысы М.М.Х. кармалды.
Көргөзүлгөн адамдын, жакын кылмыштуу байланыштарын аныктоо учурунда, Кара-Суу шаарынын тургуну 1998 ж.т. И.Б.Б. такталган. Анын алкагында, чогултулган далилдердин негизинде, УКМК тарабынан, КЖКнын 332-бер. 1-бөл. менен кылмыш иши козголуп, тинтүү иш-чарасы өткөрүлгөн.
Жыйынтыгында, “Хизбут Тахрир” ДЭУга тиешеси бар баракчалар, китептер, телефондор жана планшеттер табылып алынган.
2025-жылдын 14-февраль күнү Кара-Суу шаардык соту тарабынан И.Б.Б. 4 жылга эркинен ажыратылган.
Азыркы учурда, И.Б.Б.нын кылмыштуу байланыштарын аныктоо максатында, ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

Стоматологияда чарчап калган 3 жашар кыз. Медиктерге соттун өкүмү чыкты

admin

Бишкек мэриясы автобус жууганга жумушчуларды издеп жатат

admin

«Унааны суу агызып кеткен». Оштогу сел бир адамдын өмүрүн алды

admin

Комментарий