Гүлнара Баатырова ЭМУнун Борбордук Азия боюнча аймактык директору менен жолукту

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин м.а. Гүлнара Баатырова Эл аралык миграция уюмунун Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци менен жолукту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда Гүлнара Баатырова миграциялык саясат маселелери Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу маселелердин бири болуп саналарын белгиледи.

«Президент Садыр Жапаров миграция маселесине өзгөчө көңүл бурат. Акыркы мезгилде эмгек мигранттарын эксплуатациядан, адам сатуудан коргоо үчүн көп иштер жасалды. Миграция чөйрөсүндө түзүлгөн статистикалык маалыматтар базасы миграциялык агымдарды так көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет. Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда мигранттарды реинтеграциялоо, кайтып келген мекендештерди жумушка орноштуруу жана иш менен камсыз кылуу боюнча иштерди баштоо милдети турат. Ошондой эле биз миграциялык кодексти же миграция чөйрөсүндөгү бирдиктүү мыйзамды иштеп чыгууну пландаштырып жатабыз», — деп маалымдады ал.

Министрдин милдетин аткаруучу ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн Кыргызстандагы адамдардын мобилдүүлүгүнө тийгизген таасири жөнүндө изилдөө жүргүзүү зарылдыгын айтты.

Related posts

БШК Элдар Абакировду депутат кылып каттады

admin

Акын Болот Назаров «Манас» театрына жумушка кирди

admin

Кумтөр жаңы окуу жылынын алдында окуучуларга кезектеги колдоосун көрсөттү

admin

Комментарий