И.Ахунбаев атындагы КММАда коррупцияга каршы күрөшүү боюнча профилактикалык жолугушуу өттү

Бул тууралуу УКМКнын маалымат борборунан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, 2025-жылдын 22-январында И.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында коррупцияга каршы түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлдү.

Иш-чара КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары–  УКМК төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиевдин тапшырмасынын алкагында болуп өттү.

Аталган жолугушууга жалпы 500гө жакын адам, окуу жайдын жетекчилиги, окуу бөлүмдөрүнүн (институттар, факультеттер, кафедралар ж.б.) жетекчилери, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

УКМКнын кызматкерлери үстүбүздөгү жылдын 21-январында күчүнө кирген коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мыйзам актыларына киргизилген өзгөртүүлөрдү, тагыраагы коррупциялык кылмыштарды жасагандар үчүн күчөтүлгөн жоопкерчиликти түшүндүрүштү.

Ошондой эле, УКМК кызматкерлери тарабынан 2020-жылдан тартып 2024-жылга чейинки мезгилде республиканын саламаттык сактоо системасында аныкталган жана бөгөт коюлган коррупциялык схемалардын, фактылардын жыйынтыктары мисал келтирилди.

Related posts

«Тазалыктын» кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

admin

Ошто тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза болду 

admin

Чүйдө аялдар жатын жана эмчек рагын аныктоо боюнча акысыз текшерүдөн өтө алышат 

admin

Комментарий