ИИМ 4 жетекчини Ысык-Көлдөн Нарын менен Чүйгө ротация кылды

«Өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу Талантбек Кадыров Нарын ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.
Ошондой эле, Талгар Мамбетказиев Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги кызматына, милициянын подполковниги Тынчтык Аалиев Ысык-Көл облусунун Түп РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Нарын ШИИБдин начальниги кызматына, Чүй облусунун Панфилов РИИБдин начальниги Денис Аманов Ысык-Көл облусунун Ак-Суу РИИБдин начальниги кызматына дайындалды», — дешти.

Related posts

Назарали Арипов Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулунун кызматынан бошотулду

admin

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 8,3 млрд куб метрден ашты

admin

Ысык-Көл облусунун айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоого шайлоочулардын тизмеси жарыяланды

admin

Комментарий