ИИМ:  Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

Кыргызстанда Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Курман айт майрамынын алдында ички иштер органдарынын бөлүмдөрү коомдук жайларда кылмыштарга жана укук бузууларга жол бербөө максатында ыкчам-профилактикалык мүнөздөгү күчөтүлгөн рейддик иш-чараларды өткөрүүдө.

«Курман айтты майрамдоо күнү коопсуздук чаралары күчөтүлөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга дагы өзгөчө көңүл бурулууда. Өздүк курам ыкчам кырдаалга туруктуу көзөмөл жүргүзүүнү жана мыйзам бузуу фактыларына токтоосуз жооп кайтаруу чараларын көрөт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, жарандарга сылык мамиле кылуу, кызматтык тартипти жана мыйзамдуулукту сактоо жөнүндө кызматкерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, эртең, 9-июлда Кыргызстанда Курман айт майрамы белгиленет.

Related posts

22-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Токтогулда жүрөк үшүн алган жол кырсык катталганы маалымдалды

admin

Дайынсыз жоголгон Бекболот Турдушев табылды. Ал кайда жүргөнү белгилүү болду

admin

Комментарий