ИИМ: Оштогу киши өлтүрүү жана ур-токмокко алуу эки кылмыштуу топтун арасында болгон»

Ошто криминалдык жаңжалдын кесепетинен каза болгон адам уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болгон. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев маалымат жыйынында билдирди.

«Ал баңги затын сатканы үчүн кармалышы керек болчу. Буга чейин бир нече жолу соттолгон. Экинчи жабырлануучу (азыр жаракаттары менен ооруканада жатат) дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү», — деди ал.

Каза болгон жана шектүү кайсы топтун мүчөлөрү экенин айткан жок. Анын айтымында, экөө тең карама-каршы топтун мүчөлөрү.

13-январга караган түнү Ош шаарынын Курманжан Датка көчөсүнөн банктын жанынан 1993-жылы туулган жарандын сөөгу табылып , аны белгисиз адамдар тобу сабап өлтүрүшкөндүгү аныкталган. 14-январда ыкчам-издөө иш-чараларын өткөрүүнүн жүрүшүндө ИИМдин кызматкерлери Чүй облусунун аймагында чек арадан өтүү аракетинде издөөдө жүргөн эки шектүүнү кармаган. 13-январда бул өзгөчө оор кылмыштын уюштуруучусу, кылмыш чөйрөсүндө Женго деген каймана ат менен таанымал болгон, Кадыр Досонов кармалыпбаш-аягы 5 адамга издөө жарыяланган эле.

Related posts

14-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Кытайда ишкана кызматкерлерине арыктаганы үчүн сый акы сунуштады

admin

Өлкөдө 25-октябрдан тарта көмүрдүн баасына убактылуу көзөмөл киргизилет

admin

Комментарий