ИИМ: “Жеңиш Разаков алдамчылык жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип жатат” 

Мурдагы вице-премьер Жеңиш Разаков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана алдамчылыкка шектүү катары кармалып, баш коргоо чарасы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ички иштер министрлиги мурдагы вице-премьер-министр Жеңиш Разаков алдоо жолу менен 1 миллион доллар алган факты боюнча козголгон кылмыш ишин тергеп жатат. 20-сентябрда ИИМдин Тергөө кызматына жаран кайрылып, Жеңиш Разаковго мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранып, арыз жазган. Жабырлануучунун жазган арызында 2017-жылдын ноябрь, декабрь айларында кызмат абалынан пайдалануу менен анын ишенимине кирип, ишкердик ишмердүүлүк жүргүзөбүз деп, 1 миллион долларын алып бербей койгондугун билдирген. 1-октябрда ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) менен иш козголгон. ИИМдин кызматкерлери тарабынан 24-январда кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

26-январда ага Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү (алдамчылык) жана 337-беренесинин 4-бөлүгү (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен айыбы угузулду. Ушул эле күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен анын баш коргоо чарасы аныкталып, 24-февралга чейин №1 тергөө абагына камакка алынды. Козголгон кылмыш иши боюнча тергөө уланууда”, — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Лейлекте «Кайрагач» чек ара заставасынын ачылыш аземи өттү

admin

10 миллион сом кредит алып, төлөбөй койгон. Жасалма документ бергендер камалды

admin

Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды

admin

Комментарий