ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

2024-жылдын 29-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Аскердик прокуратурасы менен бирдикте аталган факты боюнча кылмыш ишинин алкагында КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (опузалап пара талап кылуу) 20 миң АКШ доллары өлчөмүндө каражат талап кылып, аталган сумманын бир бөлүгүн 4 миң АКШ долларын алып жаткан жеринен КР ИИМдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн 4-Башкы башкармалыктын кызматкерлери милициянын подполковниги К.М.К, ошондой эле жарандар С .У.Ж. жана Т.А.С. кармалды.
Бул адамдар алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, унааны кайтарып берүү үчүн акча талап кылгандыгы аныкталган.
Кармалгандардын бардыгы КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Related posts

Шашылыш билдирүү. 5-ноябрдан тарта күн кескин сууктайт

admin

Кыргызстанда бир аптада коронавирустун 35 учуру катталды 

admin

Эмгек сиңирген артист Малик Аликеев көз жумду 

admin

Комментарий