Индияда өткөн аскердик парад көпчүлүктү таң калдырды (видео)

26-январь күнү Нью-Делиде Индиянын улуттук майрамы — Республика күнүнө карата аскердик парад өттү.

Ага Франциянын чет өлкөлүк легионунун 150 офицери жана солдаты, ошондой эле Франциянын аскер-аба күчтөрүнүн «Рафале» согуштук учактары катышты. Параддын ардактуу коногу Индияга эки күндүк мамлекеттик сапар менен бир күн мурда келген Франциянын президенти Эммануэль Макрон болду.

Видеону көргөн социалдык тармактын колдонуучулары «муну көргөн каршылаштары кандай абалда болушат?», «булардын киносу эле эмес, парады да Болливуд турбайбы» деп тамашалап жазышууда.

Related posts

УКМК: “Аксы районунун кримавторитети” делген адам кармалды

admin

«Ыкчам штаб түзүлдү». Бишкек ЖЭБдеги авариянын себеби аныкталып жатат

admin

Баткенде 27 жаштагы жигит апрель айынан бери дайынсыз болуп жатат 

admin

Комментарий