Интернетте адамды кемсинткендерди жоопко тартуу сунушу биринчи окууда кабыл алынды

Жогорку Кеңеште адамды кемсинтип, ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтиргендерге айып салуу мыйзам долбоору биринчи окуудан каралды.

Анда Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүү киргизүү каралган. Ага ылайык, адамды мазактап, кемсинтип, беделин түшүрсө 100 миң сом, юридикалык жактарга 200 миң сомайып салынат.

Долбоор боюнча баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков мыйзам кабыл алынса тартип бузгандарга карата арыз түшкөндө гана айып салуу боюнча жөрөлгө башталарын айтты.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбооруна 63 «макул», алты «каршы» добуш берилди.

Related posts

Ошто Жусуп Абдрахмановдун өмүр жолун баяндаган спектакль коюлат

admin

Балдарга кам көргөн соцкызматкерлердин 550 штаты ачылды. Жарлыкка кол коюлду

admin

Акылбек Жапаров Токтогул ГЭСине барды 

admin

Комментарий