Иракта үйлөнүү тойдо өрт чыгып, 100 адамдын өмүрүн алды (видео)

Ирактын Ниневия провинциясынын Хамдания районунда үйлөнүү үлпөт тоюнда өрт чыгып, 100 киши каза болуп, 150дөй киши жаракат алганын INA агенттиги кабарлады.

Ирактын премьер-министри  ички иштер жана саламаттыкты сактоо министрлерине өрттөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бардык күчтөрдү мобилизациялоону тапшырды.

Жарандык коргонуу кызматы өрт үйлөнүү үлпөтү учурунда фейерверк атуудан чыккан болушу мүмкүн экенин билдирди. Салтанат өтүп жаткан залда да өрт коопсуздук талаптары сакталган эмес. Өрттүн кесепетинен залдын айрым бөлүктөрү курулуш учурунда тез күйүүчү жана кымбат эмес материалдар колдонулгандыктан кулап түшкөнүн жарандык коргонуу кызматкерлери билдирди.

Related posts

Мурдагы депутат Жаныбек Абировдун иши боюнча тосмо арыз жазылганы маалым болду 

admin

Төрага Нурланбек Шакиев ЖККУ ПАнын жыйынына катышты

admin

Шайирбек Сулайманов Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы директору болуп дайындалды

admin

Комментарий