Ирандын Израилге эскертүүсү: Эгерде түнкү чабуулга жооп жасалса, анда масштабдуу кол салуу болот

Ирандын куралдуу күчтөр штабынын башчысы генерал-майор Мохаммад Бакери Иран Израилге 14-апрелдин түнүнө караганда бир топ масштабдуу кол салуу жасашы мүмкүн экенин эскертти. Бул тууралуу мамлекеттик телекөрсөтүүгө берген маегинде жарыя кылганын Reuters жазды.

«Эгерде Израиль Иранга каршы жоо кыла турган болсо, анда бүгүнкү аскердик аракеттерге караганда биздин жооп бир топ масштабдуу болот. Түнкү чабуулда эки изарилдик аскердик майдан зыян тарткан. Биздин операция аягына чыкты жана аны улантпайбыз», — деди Бакери.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге учкучсуз учак жана ракеталар менен 300дөн ашуун жолу сокку урду. Израилдин коргонуу армиясы ракеталардын 99 пайызы жок кылынганын, көпчүлүгү Израилдин аймагына жеткирилбей атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Related posts

Шакиев Өзбекстандагы кыргыз диаспорасына боз үй жөнөтүүнү убадалады

admin

7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

УКМК: Мурда киши өлтүрүп соттолгон, «Дженгонун» кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

admin

Комментарий