Ирандын президенти авиакырсыкта каза болду

Ирандын президенти Ибрахим Раиси авиакырсыкта каза болду. Бул тууралуу Mehr агенттигине шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Кечээ, 19-майда өлкө башчысы Азербайжандын президенти менен Ирандын Чыгыш Азербайжан провинциясында дамбанын ачылышы аземине катышкан. Иран лидеринин колоннасында үч тик учак болгон, экөө аман-эсен жетип, үчүнчүсү кырсыкка кабылган. Президент жана бир катар чиновниктер бар болгон тик учак Азербайжан менен болгон чек арага жакын тоолуу капчыгайдагы Узи айылына кулаган. Куткаруу операциясы коюу туман жана түнкү убакытка байланыштуу кыйындап, куткаруучулар кырсык катталган жерге барганда толугу менен күйүп кеткен тик учакты көрүшкөн.

Иран лидеринен тышкары тик учакта болгондордун тизмеси:

Хусейн Амир Абдулахиан — тшкы иштер министри;
Малик Рахмати — Чыгыш Азербайджан провинциясынын губернатору;
Мухаммед Али аль-Хашем — Тебриз провинциясынын имамы:
Экипаж жана пилот.

Ирандын президенти Ибрахим Раиси 64 жашта эле. Ал өлкөнү 2021-жылдан бери башкарып келе жаткан.

Related posts

Коронавирус кайрадан баш көтөрдү. Апта ичинде илдет 1 миңден ашуун кыргызстандыктан табылган

admin

Сузак районунда «Эл Аман» мамлекеттик дарыканасы ачылды

admin

КР УКМК: Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кара-Жыгач аймагында жайгашкан бир катар жер тилкелер мамлекеттик баланска кайтарылды

admin

Комментарий