Исхак Раззаковдун 113 жылдыгына арналган дилбаяндар сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды

Коомдук жана мамлекеттик ишмер Исхак Раззаков атабыздын 113 жылдыгынын алкагында уюштурулган поэзия жана дилбаяндар конкурсунда жалпы республикабыз боюнча 9-10-11-класстын окуучулары арасында конкурс абдан жогорку деңгээлде өттү. Мындай маалыматты Исхак Раззаковдун 113 жылдыгын өткөрүүнү уюштуруу (1973-2023-ж. Лейлек-Сүлүктү) тобунун жетекчиси Эркинбек Жороев билдирди.

Бул конкурска жүздөгөн окуучулар өздөрүнүн акындык өнөрүн, Исхак Раззаковго болгон ой-толгоолорун билдирип, ырларын, дилбаяндарын жиберишти. Атайын түзүлгөн комиссия ар бир эмгекти кылдат карап, жыйынтыгын чыгарышты.

Дилбаяндар конкурсунун жыйынтыгы жана жеңүүчүлөргө берилүүчү акчалай сыйлык:

1-орун – 7000 сом

Джумагулова Раяна

Баткен облусу, Сүлүктү шаарындагы Н. Кушматов атындагы √9 гимназиянын 9-классынын гимназисти

2-орун – 5000 сом

Үсөнова Алтынай

Чүй облусунун Жайыл районундагы инновациялык Новониколаевка гимназия орто мектебинин 10-классынын окуучусу

3-орун – 3000 сом

Баткен облусу, Лейлек району, Кулунду айылы, В.И. Ленин орто мектебинин окуучусу

Кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери:

Турдубекова Бегимай – Лейлек району, Тайлан айылы

Салиева Перизат – Лейлек району, Раззаков айылы

Халбеков Рысбек – Сүлүктү шаары

Калдарова Жамила – Чүй облусу

Поэзия конкурсунун жыйынтыгы жана жеңүүчүлөргө берилүүчү акчалай сыйлык:

1-орун – 7000 сом

Мансурбаева Аяна

Лейлек районунун Голбо айылындагы Казыев Кожояр атындагы орто мектебинин 9-классынын окуучусу

2-орун – 5000 сом

Джалалов Эржан

Лейлек районунун Тайлан айылынын “Тайлан” орто мектебинин 10-классынын окуучусу

3-орун – 3000 сом

Эркинова Сезимай

Ош облусунун Кара-Суу районундагы √101 К. Момбекова орто мектебинин 10-классынын окуучусу

Кызыктыруучу сыйлыктардын ээлери:

Самиева Айзат – Сүлүктү шаары

Саипова Наргиза

Сүйүнбаева Асема – Лейлек району, Голбо айылы

Азимова Сезим – Тайлан айылы

Related posts

Экс-министрдин жубайы Салтанат Нукенованын өлүмү. Экинчи шектүү да камакта калтырылды

admin

Таластан Баткендеги чек арага кызмат кылууга барган кыргыз кызы

admin

Президент улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерин жана ардагерлерин куттуктады

admin

Комментарий