Йакын Инкар” уюмунун мүчөлөрү радикалдуу көз караштарынан баш тартты

КР УКМК “Йакын Инкар” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу максатында, 2025-жылдын 16-октябрында козголгон кылмыш ишинин алкагында “Йакын Инкар” ДЭУнун 14 мүчөсүнүн жашаган дареги боюнча тинтүү иш-чараларын жүргүздү.

Тинтүү иш-чараларынын натыйжасында кылмыш ишинин фигуранттарынын жашаган даректеринен экстремисттик мүнөздөгү ар кандай диний адабияттар, ошондой эле буюмдук далил катары алынган уюлдук телефондор табылган.

Мындан тышкары, жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин жыйынтыгында аталган уюмдун мүчөлөрү өздөрүнүн радикалдуу көз караштарынан ачык баш тартышкан.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар улантылууда.

Related posts

26-мартка карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Нарынга панорамалык аттракцион курулат (сүрөт)

admin

КР УКМК: Бишкек шаарындагы 3 гектар жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

admin

Комментарий