Көлбаевдин күлүктөрү… УКМК кезектеги тизмени жарыялады

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана аларды каржылоо булактарына бөгөт коюу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун жүрүшүндө, УКМК тарабынан «Уюшкан кылмыштуу топко катышуу» фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маркум Камчы Көлбаевдин 500 миң доллардан ашык баалуу асыл тукум жылкы түрүндөгү кошумча мүлкү аныкталып, алынды.

“Баш кашка” англис породасы – баасы 150 миң доллар, “Командор” англис породасы — 100 миң доллар, “Раушан” англис породасы — 100 миң доллары, “Дончак” англис породасы — 100 миң доллар, “Кундуз” таза кандуу англис породасы – 50 миң доллар, “Байтал” таза кандуу англис породасы – 50 миң доллар, “Острый” – 15 миң доллар, ошондой эле Рыспек Акматбаевдин туугандарынын сарайынан Камчы Көлбаев тарабынан алынган аты жок асыл тукум бээ – баасы 5000 доллары.

Учурда кылмыш жолу менен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Related posts

Сокулуктагы жол кырсык боюнча оор жүк ташуучу унаанын айдоочусу кармалды 

admin

Бишкекте эркек киши аялына 20 ирет бычак сайып, өлтүргөн

admin

Таласта Бабанов салган имараттын ачылышына Ташиев менен Шакиев барды (сүрөт)

admin

Комментарий