Күндүз Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаайт – 12-февралдагы аба ырайы

12-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы.

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт.

Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 15-20 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -1…+4

күндүз +1…+6

Талас району

түнкүсүн -4…+1

күндүз +0…+5

Баткен областы

түнкүсүн 0…+5

күндүз +9…+14

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн 0…+5

күндүз +9…+14

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн -1…-6

күндүз +1…+6

Нарын областы

түнкүсүн -13…-18

күндүз -1…-6

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз бир аз жаан, күндүз жаан, кар жаашы мүмкүн. Эртең менен жана түштөн кийин тумандуу. Жолдордо муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, түнкүсүн 14 метрге чейин жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…+1°, күндүзгү жогорку температурасы 2…+4° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жана күндүз жаан-чачын болбойт, кечинде жаан, кар жаайт. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -1…-3°, күндүзгү жогорку температурасы 4…+6° жылуу болот.

Related posts

Гүлнара Джурабаева 2 айга камакта калды

admin

Терезеден дене боюн чыгарып, автоээнбаштык жасоого жол берген айдоочуга 15 миң сом айып салынды

admin

Селекцияда кескиленген келин. Операцияга 45 миң доллардан ашык акча кетери маалым болду

admin

Комментарий