К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин жер тилкесинин мурда мыйзамсыз алынган бөлүгү мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК тарабынан мыйзамсыз алынган мамлекеттик мүлктү аныктоо жана кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мурда К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине тиешелүү болгон жер тилкеси 1998-жылы Кыргыз улуттук агрардык университетинин балансынан мыйзамсыз чыгарылып, жеке менчикке берилген.
Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын 1992-жылдын 16-декабрындагы № 107 «Билим берүү жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин 6-пунктуна ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринин имараттары жана материалдык-техникалык базасы менчиктештирүүгө жатпайт.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган жер тилкесинин менчик ээси өз ыктыяры менен жана акысыз түрдө аталган жер тилкесин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүп берген, анын базар баасы 130 млн 711 миң сомду түзөт.
Бул кылмышка тиешеси бар кызмат адамдарына карата тергөө иштери уланууда, алардын аракеттерине сөзсүз юридикалык баа берилет.

Related posts

Жыргалаң суусуна түшүп кеткен экинчи кыздын да сөөгү табылды

admin

Бакиев менен Атамбаев да экс-президент макамын кайтаргыла десе эмне болот? Садыр Жапаров жооп берди

admin

Камчы Көлбаевдин жакын адамы болгон Таалайбек Рысалиев кармалды

admin

Комментарий