Кадамжайда Молдо Нияздын мектеп-үңкүрү реконструкцияланып жатат

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылындагы Молдо Нияздын мектеп-үңкүрүндө реконструкциялоо иштери жүрүп, айланасы көрктөндүрүлүүдө.

19-кылымда алгачкы агартуучу, кыргыз жазма адабиятынын көч баштоочусу Молдо Нияз дал ушул үңкүрдө балдарга билим берген.

Мектеп-үңкүрү Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата толук оңдоодон өтүп, пайдаланууга берилет. Мындай маалыматты журналист, “Молдо Нияз мурастары” коомдук фондунун өкүлү Азамат Абсаттаров Facebook социалдык тармактагы баракчасына бөлүшкөн.

Related posts

Футбол боюнча улуттук кураманын башкы машыктыруучусу Штефан Тарковичтин атасы көз жумду

admin

Кыргызстан курулуш иштеринин көлөмү боюнча ЕАЭБде лидер болду

admin

Балыкчыда өзгөчө булуттар пайда болду

admin

Комментарий