Кадамжайда сел агызып кеткен унаанын айдоочусу куткарылды

Кадамжай шаарынын Кайзерабад тилкесинде сел жүрүп, унааны агызып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, сел «Матиз» үлгүсүндөгү унааны агызып, 1976-жылы туулган айдоочусу А.А.Сайдалиеваны жергиликтүү тургундар куткарып калышкан. Ал учурда ооруканада, абалы туруктуу.

Ошондой эле сел суулары Кайзерабад тилкесинде болжол менен 500 метр, Звездная көчөсүндө 500 метр, Нүрдүн-Улакчы көчөсүнөн 600 метр ички жолдорду бузуп, 780 мерт ички арыктар кум-шагалга толгон. 2 көп кабаттуу турак-жайдын жер төлөөсүнө суу толуп, 12 жеке турак-жайдын короосун, ӨКМнин Кадамжай райондук бөлүмүнүн имаратынын жана райондук Жалпы дарыгерлер практикалык борборунун айланасын сел суулары каптаган.

ӨКМдин аймактык бөлүмү кырсыктын кесепеттерин жоюу аракетин көрүүдө.

Related posts

Бишкекте оор жүк ташуучу унаалардын айдоочулары митингге чыгышты (видео)

admin

Европарламент Эл аралык сотту Лукашенкону камакка алуу ордерин берүүгө чакырды

admin

Актан Арым Кубаттын «Эсимдеси» «Евразия» эл аралык сынагына катышат 

admin

Комментарий