Кайрат Примбердиев Бишкекте 100дөн ашуун окуучу менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

Октябрь районундагы мектептердин биринде окуучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, орусиялык “Голос” долбоорунун финалисти, коомдук жана кайрымдуулук иштерине активдүү катышкан Кайрат Примбердиев менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Примбердиев күрөш өнөрүнө кызыгып, спорт залдарына байма-бай барып, чет тилдерди үйрөнүп турарын айтып өттү. Жолугушуу позитивдүү маанайда өтүп, Октябрь районунун ар кайсы мектептеринен 100дөн ашык окуучулар, анын ичинде “тобокел тобундагы” балдар катышты. Ырчы мырза чогулган аудиториянын бардык суроолоруна жооп берип, ошондой эле окуучуларды  мекенин сүйүүгө, патриот болууга, чыгармачылыкка, китеп окууга, улуу муунду сыйлоого, сергек жашоого чакырды.

Related posts

Кыргызстанда ЖРТга каттоо башталды 

admin

Кар жаайт. 7-февралга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

УКМК тарабынан күрөөканалар текшерилди

admin

Комментарий