Кайрат Примбердиев Бишкекте 100дөн ашуун окуучу менен жолугуп, суроолоруна жооп берди

Октябрь районундагы мектептердин биринде окуучулар Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, орусиялык “Голос” долбоорунун финалисти, коомдук жана кайрымдуулук иштерине активдүү катышкан Кайрат Примбердиев менен жолугушту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Примбердиев күрөш өнөрүнө кызыгып, спорт залдарына байма-бай барып, чет тилдерди үйрөнүп турарын айтып өттү. Жолугушуу позитивдүү маанайда өтүп, Октябрь районунун ар кайсы мектептеринен 100дөн ашык окуучулар, анын ичинде “тобокел тобундагы” балдар катышты. Ырчы мырза чогулган аудиториянын бардык суроолоруна жооп берип, ошондой эле окуучуларды  мекенин сүйүүгө, патриот болууга, чыгармачылыкка, китеп окууга, улуу муунду сыйлоого, сергек жашоого чакырды.

Related posts

Мамлекеттик кызматтарды бюрократиядан арылтуу боюнча комиссиянын жыйыны өттү

admin

Садыр Жапаров Шаньдун провинциясынын Парткомунун катчысы Линь У менен жолугушту

admin

КР УКМК: Чүй облусунун Кемин шаарындагы мыйзамсыз менчиктештирилген бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылды

admin

Комментарий