Камчыбек Ташиев Азия чемпионатына жөнөп жаткан спортчулар менен жолукту 

 Бүгүн, 14-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана КР Бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар менен жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Азия чемпионаты 16-27-январь күндөрү Таиланддын Бангкок шаарында өтмөкчү. Аталган чемпионат 22 жашка чейинкилер арасында өтүп, Кыргызстандан 12 мушкер, 3 машыктыруучу жана бир калыс барат.

Жолугушууда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев курама командага ийгилик каалап, мушкерлер чоң байгелүү орундарга ээ болушун каалады. Ошондой эле УКМК төрагасы ар бир Кыргызстандык спортчунун жүрөгүндө мекенге болгон сүйүүсү күч болуп, таалыкпай эмгек кылып, аракеттен тайбаса сөзсүз жеңишти багындыраарын айтты. Өз кезегинде, өлкө жетекчилиги да спортчуларга өзгөчө маани берип, алардын машыгуусуна ар тараптуу шарт түзүп берүүгө көмөктөшөрүн билдирди.

Ал эми Азия чемпионатына катышуу үчүн жөнөп жаткан спортчулар УКМК төрагасына ыраазычылык билдирип, өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшарын убадалашты.

Related posts

Чечме булагы Өзбекстанга берилди деген маалымат чынбы? Ташиев жооп берди

admin

Босогодо кыш. Кыргызстанда келээрки аптага карата аба-ырайы

admin

Бишкек шаарынын № 97 кесиптик лицейинде 23-Февраль Ата-Мекенди коргоо күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү.

admin

Комментарий