Камчыбек Ташиев борбор шаарды көчүрүү боюнча оюн билдирди

Манас шаарын Кыргызстандын борбор шаары кылууну референдум аркылуу эл чечиши керек, — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Ал Манас шаарын борбор кылуу боюнча азырынча жетекчилердин дагы, саясатчылардын дагы оюнда жок экенин белгиледи.

«Бирок, Манас шаары — Кыргызстандын борбору деп аталып калса сонун эле болмок. Эгерде ушундай маселе көтөрүлүп калса, анда аны кайсы бир саясатчы, жетекчи же кандайдыр бир топ эмес, референдум аркылуу эл чечиши керек.

«Манас шаарын Кыргыз мамлекетинин борбору кылууга макулсузбу» деп эле референдум кылып койсо эл өзү чечип коет», — деди ал.

Ташиев эл макул болсо борбор көчүрүу турганын, макул болбосо көчүрүлбөй турганын кошумчалады.

Related posts

Дагестандагы аэропортто Израилден учак конгондо тополоң башталды

admin

Бишкекте балдардын арасында дем алуу органдарынын патологиясы көбөйүүдө 

admin

Садыр Жапаров Харбинде Бруней-Даруссаламдын Султаны Хассанал Болкиах менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

admin

Комментарий