Камчыбек Ташиев Индияда операция жасатып келген 11 жаштагы өспүрүмгө жолукту

Чет өлкөдөн операция болуп келген 11 жаштагы Дайырбек Маткалыевди Камчыбек Ташиев кабыл алды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

24-январда УКМКнын төрагасы Ташиев Индияда сөөк чучугун алмаштыруу операциясынан өткөн Маматкалыев Дайырбек менен кайрадан жолугушту.Буга чейин химиотерапия курсун аяктаганына карабастан, курч лимфобласттык лейкозду толук дарылоо үчүн Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасынын дарыгерлеринин сунушу менен Дайырбек Индияда жилик чучугун алмаштырууга муктаж болгон. Бирок медициналык процедураларды каржылоо мүмкүнчүлүгүнүн жоктугуна байланыштуу Дайырбектин ата-энеси 2022-жылдын декабрь айында УКМК төрагасына жардам сурап кайрылган.

Ташиевдин көрсөтмөсү менен 2022-жылдын 23-декабрында УКМК тарабынан Дайырбекти (жана анын ата-энесин) Фортис клиникасына жөнөтүүгө, кароодон өтүүгө жана операциясын каржылоого көмөктөшкөн.Ийгиликтүү операциядан кийин, Дайырбек дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, андан соң Дайырбектин ата-энесин Ташиев кайрадан кабыл алган жана Маматкалыевдин толук айыгып кетүүсүнө колдон келген жардамды көрсөтүүгө убадасын берген.28-декабрда Маматкалыев атасы менен кайрадан Индияга текшерүүдөн өтүү үчүн жөнөп кетишкен жана Бишкекке келгенден кийин Ташиевге жолугушуу өтүнүчү менен кайрылышкан.24-январда УКМК төрагасы Маматкалыевди жана анын атасын кабыл алды.

Өз кезегинде Маматкалыевдин үй-бүлөсү материалдык жардам үчүн ыраазычылык билдирип, Дайырбектин ден соолугу жакшы экендигин кошумчалады. Ал эми Камчыбек Ташиев балага чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалап, келечекте коопсуздук кызматкерлеринин катарын толуктайт деген ишенимин билдирди.

Related posts

С.Жапаров америкалык чиновниктин тынчсыздануусуна жооп берди

admin

19-сентябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Бильярд боюнча Дүйнө чемпиону Каныбек Сагынбаев кармалып, үй камагына чыгарылды

admin

Комментарий