Камчыбек Ташиев: «Кумтөр» иши боюнча 2 президент, 4 премьер, 2 спикерди жоопко тарттык»

«Садыр Жапаров бийликке келгенден бери 3 жылдан ашык убакыт өттү. Бийликке келгенде эле «Кумтөр» маселесин көтөрүп чыккан. «Кумтөр» иши боюнча 2 президент, 4 премьер, 2 спикерди, 10дон ашык мамкызматкерди жоопко тарттык». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Ошонун негизинде биз «Кумтөрдү» мамлекетке кайтарып алдык. Ошол жоопко тартылган адамдардын арасында Өмүрбек да болгон (ред. Өмүрбек Бабанов). Премьер болуп турган учурдагы ишин текшергенбиз. Биздин бекер гостиницабызга да жаткан (ред. болжолдуу УКМКнын кармоочу жайы). Менин айтайын дегеним, ошончо кишинин арасынан кылмыштын жоктугунан улам акталып чыкты», — деди ал.

Related posts

Шаирбек Ташиев электрондук тамеки чегүүгө толугу менен тыюу салууну сунуштады

admin

Доскул Бекмурзаевге карата 2 кылмыш иши козголду

admin

«Урушуп кеттик». Бишкекте айдоочу унааны сүзүп, из жашырып кеткен

admin

Комментарий