Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстандын футбол дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунан билдиришти.

УКМКнын башчысы, футбол союзунун жетекчилиги жана өлкө клубдарынын өкүлдөрү жергиликтүү футболдун учурдагы көйгөйлөрүн жана келечегин талкуулашты. «Камчыбек Ташиев өз сөзүндө башка спорт түрлөрү сыяктуу эле футбол өлкөнүн кадыр-баркын аныктай турганын жана бул мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун да анын өнүгүүсүнө жеке көңүл буруусу менен байланыштуу экенин белгиледи. Ал мамлекет жана өлкө жетекчилиги футболду мындан ары да колдоорун, тактап айтканда, биринчи кезекте футбол инфраструктурасын жакшыртууга, учурдагы стадиондорду жана футбол аянтчаларын реконструкциялоого жана жаңы футболдук аянтчаларды курууга багытталышы керек болгон каржылык ресурстарды бөлөрүн айтты», — деп айтылат маалыматта.

Related posts

Жаан жаап, тоолорго кар түшөт. 7-мартка карата күтүлгөн аба ырайы

admin

Актер Азиз Мурадиллаевге жакын туугандарынын бири донор болот

admin

Эч качан терезеден секирбеңиз! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

admin

Комментарий