Камчыбек Ташиев: «Мадумаров тилинин азабын тартат»

Бүгүн, 31-октябрда Ош облусунун Ноокат районунда төрт тилкелүү унаа жолдун ачылышы болду. Ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышып, сөз сүйлөдү.

«Өзүбүздүн президентибизди, мамлекеттин башчысын сыйлай албасак, биз кандай эл болдук? Өлкө үчүн күнү-түнү иштеп жатса, аны биз «Сен кимсиң?» деп тоготпой, бетине сүйлөп жатсак, кандай эл болдук? Ошондой тартипсиздердин баарын жоопко тартуу керек. Президент ким экенин, эл үчүн жан үрөп иштеп жатканын ага көрсөтүп коюш керек. Тилинин азабын тартат. Эл алдында ачык айтам, Мадумаров тилинин азабын тартат. Депутаттыктан кетти, элден чыкты. Дагы асылып жатат», — деди Ташиев. 

Related posts

7 саатта Британияга жумушка баруу үчүн 26 миңден ашуун адам арыз берди

admin

«Уктап жата турган учур эмес». Президент мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн ачыктыкка чакырды

admin

Бакыт Рысбеков: Равшан Жээнбеков айткандай эмес, Жазаларды аткаруу тутумунда катаал кыйноолор каттала элек

admin

Комментарий