Камчыбек Ташиев: «Түрмөдөгүлөр да тартипке салынат»

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2024-жылы түрмөдө отургандар да тартипке салынарын айтты.

«2023-жылы биз уюшкан кылмыштуу топтордун белин сындырдык. Мындан ары мамлекетибизде эч кандай бандиттер, уюшкан топтор, кайсы бир “авторитеттер” болбойт. Мамлекетибиз эркин мамлекет болот. Эгер мүчөлөрү калган болсо 2024-жылы тыптыйпыл кылып жок кылабыз. Муну акыл-эс менен түшүнүшүбүз керек. Мыйзамдагы ууру, кароочу деген болбойт. Эркиндиктегилерди эле эмес, түрмөдөгүлөр да тартипке салынат», — деди ал.

Related posts

16-ноябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

АКШда Өкүлдөр палатасынын спикери болуп Майк Жонсон шайланды

admin

Израиль Иранга ракеталык чабуул жасаганы маалымдалды (видео)

admin

Комментарий