Камчыбек Ташиев төрт жылда мамлекетке 125 млрд сом өндүрүлгөнүн айтты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон жана таза эмес олигархтардан мамлекетке 120-125 миллиард сом өндүрүлгөнүн билдирген. Башында бул сумма 120-125 миллиард доллар деп айтылган, бирок кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы аны сом менен тактаган.

Камчыбек Ташиев декабрь айында бюджетке кайтарылган каражаттардын кимдерден алынганы жана кандай жол менен өндүрүлгөнү тууралуу кенен маалымат берүүнү убада кылды. Ал бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына басма сөз жыйынын өткөрүп, тагыраак маалымат берери айтылган.

Жакында эле УКМК коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү максатында мыйзам долбоорун даярдап, коомдук талкууга чыгарган. Документте коррупция менен соттолгон жарандардын өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштөөсүнө тыюу салуу каралган. Мындан тышкары, алардын жакындары да мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштей албайт.

Related posts

Бишкекте дагы бир сквер курулуп жатат

admin

Бир түндө унаа башкарган 31 мас айдоочу кармалды

admin

Төө-Ашууда өрттөнгөн унаа. Экинчи милиция кызматкери оор абалда ооруканада

admin

Комментарий