Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.
Кечээ, 11-декабрда Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Лейлек районунда иш сапары менен болуп, Максат жана Раззаков айылдарынын тургундары менен жолугушту.

Иш сапардын алкагында ал чек араны тактоо процессинин натыйжасында жаңыдан курулган турак жайлар менен таанышып, жергиликтүү калк менен түз баарлашты. Жолугушуулар ачык жана иштиктүү форматта өтүп, айыл тургундары өздөрүн түйшөлткөн маселелерди көтөрүп, суроолорун беришти.

Максат айылында турак жай жана социалдык объектилерди куруу үчүн айыл өкмөтү тарабынан 44 гектар жер бөлүнүп берилген. Анын негизинде 16 заманбап турак үй толук бүткөрүлүп, бүгүнкү күндө тургундар жаңы үйлөрүнө көчүп келип, туруктуу жашоого өтүштү. Бул аймакта жаңы жашоо үчүн бардык негизги шарттар этап-этабы менен түзүлүүдө.

Андан соң Камчыбек Ташиев жаңыдан көчүп барган Раззаков айылына барды. Ал жерде да жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын муктаждыктарын, социалдык жана инфраструктуралык маселелерин укту. Көтөрүлгөн ар бир маселе боюнча тиешелүү жетекчилерге дароо тапшырмалар берилип, аткарылышы жеке көзөмөлгө алынаары белгиленди. Айыл тургундары өз сөзүндө кыргыз–тажик чек ара маселеси толугу менен чечилгенин айтып, мамлекетке жана жетекчиликке ыраазычылыктарын билдиришти.

Раззаков айылы үчүн 11 гектар жер тилкеси бөлүнүп, анын негизинде 60 турак үй курулду. Учурда бул үйлөргө тургундар толугу менен көчүп келип, жаңы конушта жашоо башталды. Белгилей кетсек, чек араны тактоо процессинде айрым жарандардын үйлөрү алмашылган аймактарда калып калган. Мамлекет бул маселени системдүү түрдө чечип, ар бир үй-бүлөгө 10 сотихден жер тилкесин бөлүп берип, заманбап талаптарга жооп берген жаңы турак үйлөрдү куруп берди.

Бул иштер чек ара маселесин жөн гана юридикалык жактан эмес, адамдардын тагдырын, жашоо шартын жана келечегин эске алуу менен чечүүнүн ачык мисалы болуп калды. Лейлек районунда жүзөгө ашырылып жаткан бул долбоорлор мамлекеттик жоопкерчиликтин, социалдык адилеттүүлүктүн жана эл менен түз иштешүүнүн практикалык көрүнүшү катары бааланууда.