Камчыбек Ташиевге кайрылган тургун жарандык документтерге ээ болду

Бүгүн, 3-январда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокен районунун Сакалды айылынын тургуну Жээнбек Султановго туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн жана жарандык паспортун тапшырды.

Жээнбек Султанов 2023-жылдын август айында ЖМК аркылуу Камчыбек Ташиевге кайрылган болчу. Ал өз кайрылуусунда анын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү да, жарандык паспорту да жок экенин билдирген жана ага жардам берүүнү суранган. 28 жаштагы жарандын ушул күнгө чейин эч кандай документтери болгон эмес. Анткени, Жээнбек Султанов 1995-жылы Ноокен районунун Сакалды айылында үй шартында төрөлгөн жана ага ушул күнгө чейин өздүгүн тактоочу документ ыйгарылган эмес. Мектепте билим алууга да мүмкүн болбогон. Үй-бүлөлүү. 2 баланын атасы. Жээнбек Султановдун паспорту жок болгондугуна байланыштуу, балдары жубайынын атына катталып турган. Жубайы жалгыз бой эне катары эсептелип келген.

Related posts

Бишкекте 5 жаштагы Алихан дайынсыз болуп, изделип жатат

admin

Бишкекте жарандын буту көчөдөгү темирге кирип, кыпчылып калган

admin

Таластын айылдарында да сел жүрдү (видео)

admin

Комментарий